Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Профессор Мира Ботбаева: Артыкбаев Кыргызстандын жапайы жаратылышын сактап калуу үчүн көп нерсени жасады. Анын акыбети кайтат деп ишенем

Депутатты «Кыргызстан үчүн көп нерсе кылган чыныгы уулу» деп аташты

Депутат Осмонбек Артыкбаев сейрек кездешүүчү жана жоголуп бараткан жаныбарлардын түрүн сактап калуу үчүн чоң салым кошкон. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына окумуштуу-ботаник, тоолуу өлкөлөрдүн өсүмдүктөрү боюнча адис, эколог, биологиялык ар түрдүүлүк маселесин изилдөөчү жана Кыргыз Республикасынын били берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, профессор Мира Ботбаева билдирди.

Ал өз өмүрүн Кыргызстандын жапан табиятына арнап, ачкачылыкты, жетишпеген турмушту жана согушту көрдү. Экологиялык көйгөйдү чечүүдө осмонбек Артыкбаев кандай чоң жардам көрсөткөндүгүн ал гана жакшы түшүнөт

- Мен бул жашоодо дээрлик бир кылым жашаган адаммын, - дейт Ботбаева. - Мен өз өмүрүмдү жапан табиятты сактоого жана билим берүүгө арнадым. - Мен азыр бир гана жаштардын келечеги жана мамлекеттин келечекте гүлдөп өнүгүшүн гана тилейм. Мен Артыкбаевди жакшы билем жана ал өз мекенинин патриоту. Ал дайыма жардам сурап кайрылгандарга жардам берчү. Осмонбек менин көз алдымда чоңойду, мен аны ак көңүл, камкор жана чынчыл адам катары билем. Мен анын ден соолугу тууралуу угуп кабатыр болдум. Осмонбек Артыкбаевдей Кыргызстандын уулдары өлкөгө дагы да көп жакшы иштерди кылат. Осмонбек Кыргызстандын жапан табиятын сактап калуу үчүн көп нерсе жасады.

Токтогул районунун Ничке-Сай токой чарбачылыгынын кызматкери Союзбек Орозбеков өз кезегинде Осмонбек Артыкбаев Токтогул районундагы жапайы табиятты сактап калууга кандай колдоо кылгандыгын айтып берди.

- Ал дайыма баа жеткис жардам берчү карапайым элге, - дейт Союзбек Орозбеков. - Анын кылган жакшылык игтерине сан жетпейт. Өзгөчө жапайы табиятты сактоого көңүл бурду.

Союзбек Орозбеков аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйдү чечүүдө Осмонбек Артыкбаев дайыма колдоо көрсөткөндүгүн баса белгилеп кетти.

Осмонбек Артыкбаевдин түздөн түз демилгеси менен кайталангыс табигый комплекстерди жана флора жана фаунанын биологиялык ар түрдүүлүгүн, жоглуп бараткан жаныбарларды сактап калуу үчүн 2016-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда «Алатай» жана «Кан-Ачуу» табигый парктарын ачышкан.  

Бүгүнкү күндө ал аймактарда тоо эчки, бугу жана маралдардын саны көбөйдү. Андан сырткары, ал паркта илбирс да пайда болду. 2018-жылы Осмонбек Артыкбаевдин демилгеси менен «Алатай» табигый паркынын аймагына сүрөткө тартуучу аппарат коюлган, анын жардамы менен жаныбарлардын санын билүүгө болот.

Андан сырткары, парктын карамагына депутаттын жардамы менен Кыргызстандагы эң кооз көлдөрдүн бири болгон Кара-Суу көлү өттү.

Мурда ал көл балык чарбачылыгынын балансында болчу. Көлдү балык өстүрүү максатында пайдаланышчу. Артыкбаев бул көлдү балык чарбачылыгынын тизмесинен чыгаруу мыйзам долбоорунун демилгечиси болгон. Анткени Кара-Суу кайталангыс кооз көл, ал бир эле туристтерди тартуу максатында эмес, илим изилдөөнүн аянты да болуп калат.

- Мен ушундай кайталангыс кооз Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулуп калганыма сыймыктанам, - дейт Орозбеков. Мен бала кезден эле дарылоочу касиети бар Артыкбай калпа тууралуу көп укчумун. Осмонбек Артыкбаев ошонун небереси, ошону менен бирге мен анын өлкөгө зыян келтире турган иштерди жасагандыгына ишенбейм.

Анын адеп ахлактык баалуулуктура ага жол бермек эмес. Мен жакын арада Осмонбек Мамбетжановичтин калыс каралып, адилет чечим чыгаарына бекем ишенем.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх