Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров президенттен ырайым сурайын деген жок

Анын жактоочусу ишти Бишкек прокуратурасына кайра кароого бергендигин айтты

Садыр Жапаров ырайым сураганга ниеттенген жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

- Менин коргоого алган адамым ырайым суроого ниеттенген жок, - деп билдирди ал. - Биз бардык саясий камактагыларды баарын бирдей ырайым кылса гана макулбуз. Эгерде Роза Отунбаева адилеттик үчүн чуркап жатса, анда эмнеге жалгыз Текебаев үчүн суранат?

Токтосунов саясий камалгандар дегендин баары бирдей эле себеп менен жабыр тартышкандыгын, ошондуктан алардын ар бирин бөлүп кароого мүмкүн эместигин айтат. Жактоочу Садыр Жапаровдун ишин кайра кароо үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына бергендигин кошумчалады. Анткени, Биринчи май райондук сотунун жаңы ачылган жагдай жок деген чечимин жокко чыгарган болчу. Шаардык прокуратура ишти райондук сотко жаңы ачылган жагдайга байланыштуу жиберши керек болчу. Юристтин айтымында үчтүн айынын аяк чендеринде жаңылыктар болуп калат.

- Мен коргоого алган адамдын күнөөсүз экендигин 200 пайызга далилдедик., - деп эсептейт ал. - Эң негизгиси, эл муну билет.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна берген интервьюсунда 14 «саясий камактагыларга» ырайым кылуу керек. бардык соттолгондор абактан чыгыш керек, - деди ал.

Бирок ал Башмыйзамдын 10-беренесиндеги «ырайым» түшүнүгү бул кырдаалга дал келээринен шек санайт. Анткени, анда кылмыш кылган адам ырайым сурайт деп жазылган.

«Жапаров кылмыш кылган эмес да, - деп ой жүгүртөт ал. - Демек, Башмыйзамдагы 10-берене кылмыш кылбагандарга колдонулбаш керек».

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты мурдагы президент Роза Отунбаеванын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго коррупция боюнча жаза өтөп жаткан мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчү менен кайрылган.

Былтыр баш оона айынын экисинде, Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду «Барымтага алуу»беренеси менен айыптап, аны 11 жыл алты айга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Адегенде Бишкек шаардык соту, андан соң Жогорку сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Азыр мурдагы эл өкүлү Чүй облусунун Молдавановка айылындагы №1 колонияда сот белгилеген жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх