Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда соттор жана укук коргоочулар кылмыш дүйнөсүнүн эрежеси менен иштешет»

Аскарбек Шадиевдин туугандарынын мүлктөрүнүн тартылып алынышынын мыйзамдуулугу тууралуу пикирлер ар кандай

Соттолуучунун туугандарынын мүлктөрүн тартып алуу - бул жаман практика. Муну токтотпосо болбойт. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына юридика илимдеринин доктору, көз карандысыз эксперт Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Түшүндүрө кетели, депутат Исхак Масалиев экс-депутат Аскарбек Шадиевге тийешелүү өкүмгө карата сөзүн айтты.

«Аскарбек Шадиевге карата өкүм чыкты. 11 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн тартып алуу деген өкүм чыкты. Туугандарынын да мүлкүн тартып алышты, - деп жазатдепутат соцтармактагы өз баракчасына. Мындай өкүм экинчи жолу чыгып жатат, биринчиси Нариман Түлеевге карата чыккан эле. Анын да туугандарынын мүлкүн тартып алышкан…

Мен эч кимди актап же каралабайм, бирок туугандары эмне үчүн кылмышкер деп табылып жатат?!
Кандайдыр бир туура эмес нерселер болуп жатат..»

(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)

- Мындай учур биринчи эле жолу болуп жаткан жок, деп эскертет Бөрүбашев. - Бул практиканы токтотуу керек, жоопкерчиликти айыптуу адам гана тартышы керек. Кыргызстандагы укук коргоо органдары жана сот системасы мыйзам боюнча эмес, кылмыш дүйнөсүнүн эрежеси менен иштеп калганбы. Жаңы президенттүү болгонубузга эки жылга аяк басты, бирок система эскиче гана иштеп жатат. Аны сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө өзгөртүү керек.

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайты Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аскарбек шадиевди 10 жылга эркинен ажыраткандыгын жазган.

Экс-депутатты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн айып тагышкан.

Мурда белгилүү болгондой, Аскарбек Шадиев эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин башчысы болуп туруп 30 миң доллардын кайда кеткендиги тууралуу маалыматтты туура эмес көрсөткөн.

Учурда ага эл аралык издөө жарыяланган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх