Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев саясий камактагыларга ырайым кылууну суранат, бирок алар өздөрү үн катпайт

Соттолгон оопозициячыл саясатчы Бекболот Талгарбеков да, президентке ырайым сурап кайрылуу кылбайт

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылгандыгы үчүн жаза өтөп жаткан «Элдик парламенттин» лидери Бекболот Талгарбеков президенттен ырайым сурап өтүнүч кылбайт. Бул тууралуу анын уулу Арстан Талгарбеков Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Эгерде өзү жазса, анда күнөөнү мойнуна алган болуп калат, - деп түшүнүдүрөт ал, - Атам тагылган айыпты мойнуна албайт ошондуктан ырайым сурап өтүнүч келтирбейт.

Эске сала кетели, Бекболот Талгарбеков 14 жылга эркинен ажыратылган.

Кечээ Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиев бардык саясий камактагыларга ырайым кылынышы керек деп билдирди.

«Алардын баары көз караштары эле экс-президенттики менен төп келбей калгандар. Абакта Бекболот Талгарбеков, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асановдор отурушат. Эгерде ырайым Өмүрбек Текебаевдин 60 жашка чыккандыгы бериле турган болсо, анда Жапаров 50 жашка толду, ал эми Талгарбеков 60 жашка толду», - деп жазды ал фейсбуктагы баракчасына.

Мурун Vesti.kg сайты камактагы Садыр Жапаров, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдор президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурашпай тургандыгын, анткени алар күнөөнү моюндарына алышпай тургандарын жазган эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх