Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимов кызматына кайра барганы калды. Аны шаар соту колдоду

МБК төрагасынын мурдагы орун басарынын иши боюнча биринчи инстанциянын чечими өз күчүндө калды

Бишкек шаардык соту бүгүн Биринчи май райондук сотунун Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кызматын калыбына келтирүү чечимин күчүндө калтырды.

Соттук жамаат Бишкек шаарынын биринчи май райондук сотунун 2018-жылы теке айынын жыйырма бешинде чыгарган чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Өкмөттүн өкүлүнүн аппеляциялык арызын канааттандыруусуз калтырышты.

Өкмөттүн өкүлү өз кезегинде экинчи инстанциянын чечими боюнча Жогорку сотко арызданабыз деп билдирди.

Эске салсак, мурда Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Раимбек Матраимовдун кызматын калыбына келтирүү чечимин чыгарган болчу.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх