Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Суталиновдун камералашы: Бөйрөгүңүздү алып салыштыбы деген суроомо ал кытмыр жылмайды

Жарандык тың чыкманын сөзүнө караганда, мурдагы УКМК башчысы чекист үчүн оорулуу адамдын кейпин кийип коюу кыйын иш эмес экендигин айткан

Жарандык тың чыкма Мелис Аспеков УКМКнын мурдагы төрагасы менен бир камерада отургандыгын жана анын куландан соо экендигин билдирди.

Аспеков өзүнүн фесбуктагы баракчасында Суталиновдун №47 түзөтүү колониясында жүрүп спирт ичимдиктерин ичип, спорт менен машыккандыгын билдирди.

«2016-жылы мен аны менен бирге №47 колонияда бир ай отургам. Ал тамеки тартчу (жөн гана тамеки эмес), арак иччү, тамактын бардык түрүн жечү. 100 килограммга жакын штанганы көтөрчү. Менин «сиздин бир бөйрөгүңүз жокпу?» деген суроомо, ал кытмыр жылмайчу. Менин «сиз кантип мындай арыктап алдыңыз, элдин баары сизди жакында өлөт деп ойлоп жатышат?» деген экинчи суроомо, чекист үчүн бул нерсе текейден арзан деп жооп берди. Андан ары ал жакында оорусуна байланыштуу чыгаарын айтты», - деп жазат Аспеков.

(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)

Ушул себептен Vesti.kg сайты комментарий үчүн Мурат Суталиновду дарылаган дарыгерге чалдык. ОУБ химиялык дарылоо бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдылдаев Мелис Аспековдун айткандарын четке какты.

- Ал кантип ошол сөзүн ырастай алат? - деп таң калат дарыгер. - Ал биздеги онкологияда операция болгон. Дарылоо курсунан өтүп жатат. Бизде Суталиновдун бардык документтери бар. Андан сырткары, жакында эле саламаттык сактоо Министрлигинин комиссиясы болду. Алар да чындап эле рактын төртүнчү стадиясы деген корутунду чыгарды.

Абдылдаев Мурат Суталинов дарыгерлердин корутундусун сатып ала албайт да деп кошумчалады.

- Диагноз морфологиялык жол менен коюлат, башкача айтканда микроскоп менен изилденет, - деп сөзүн аяктады дарыгер.

УКМКнын мурунку төрагасынын мурдагы жактоочусу Улан Дастан уулу да Мелис Аспековдун айткандарын четке какты.

- Мен бул адамдын сөзүнө ишенгенге болбойт деп эсептейм, - деп белгиледи юрист. - Дарыгерлер андай корутундуну беришпейт болчу. Анткени бул нерсе үчүн кылмыш жообуна тартылат.

Эске сала кетели, УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов 2010-жылкы чын курандын жетиисндеги окуяга байланыштуу соттолгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх