Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Subaruнун айдоочусу жол жээкте турган эки автоунааны сүзүп салды (видео)

Жол кырсыгынын күнөөкөрү окуя болгон жерден качып кеткен

Бишкекте Subaru Legacy маркасындагы автоунаасынын айдоочусу жол жээкте токтоп турган эки автоунааны сүзүп туруп, качып кеткен. Бул тууралуу Instagram соцтармагында автоунаасын сүздүргөндөрдүн бирөө айтты.

Бырбыйып калган автоунаалардын маркасы Toyota Avensis жана Lexus GX 470 деп билдирет.

«Чамасы Lexus GX470 автоунаасынын видеокаттоосунун тасмасын алышкан окшойт. Тилекке каршы аларды ордунан табышкан жок. Аларды тааныгандар болсо айтып коюуңуздарды өтүнө, бизге байланышка чыксын», - деп жазат жаран.

Ал киши жол кырсыгы болгон учурдун видеосун да жарыя кылды. Тасмадан Subaru Legacy автоунаасынын кантип тайгаланып келип, акырында беркилерди келип сүзгөнүн көрүүгө болот.

Ал арада Бишкек шаары боюнча ИИМБнын ЖКККБ маалымат кызматы Vesti.kg сайтына жабыркагандар милицияга кайрылышпаганын айтты.

- Бул факт боюнча арыз келип түшкөн жок, - деп маалымдады мекемедегилер.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх