Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы жаңы жылдык үлпөттөн баш тартты

Муниципалитеттегилер майрамдап отурганга кызматкерлердин убактылары жок деп айтышты

Бишкек мэриясы жаңы жылдык үлпөттү өткөрбөйт, анткени муниципалитеттин кызматкерлеринин бул нерсеге убактылары жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына шаар башчынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова айтып берди.

- Мурда биз андай үлпөттөрдү өз жаныбыздан кылчубуз, бирок бул жылы ооруп жаткан кесиптештерибиз үчүн акча чогулттук, үлпөттөн баш тартууну чечтик, - деп түшүндүрдү ал. - Бирок негизги себеп - убакыттын жоктугу.

Эске сала кетели, Vesti.kg сайты мурда өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппараты жаңы жылдык үлпөттөн баш тартышкандыктарын жазып чыккан эле.

Өкмөттүн аппаратынын кесиптик бирикмесинин комитетинин төрагалык милдетин аткаруучу Санжар Исаев майрамдоодон кызматкерлер өздөрү баш тартып жатышат дейт.
Президенттин аппараты да кызматкерлери үчүн жаңы жылдык үлпөт кылуу тууралуу ойлонгон да жок.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх