Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Бабанов: Жакында жоолугушканча!

Мурдагы президенттикке талапкер кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Кыргызстандын президенттигине ат салышкан мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов социалдык тармактагы өзүнүн баракчасында мекендештеринин дарегине жазылган куттуктоо сөзүн жарыя кылды.

«Урматтуу кыргызстандыктар, менин кымбаттуу жердештерим! Силерди кирип келген Жаңы жылыңар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар бириңердин ушул жылы көздөгөн максатыңарды ишке ашырууңарга тилектешмин!

 Кетип бараткан 2018-жыл мен үчүн жөнөкөй жыл болгон жок. Мен үчүн бул жылы элдерди таасын көрүү жылы болду. Мен кыргызстандыктарды кыйын күндөрдө мени менен болгондуктары үчүн ыраазычылык билдирем. Мен кубаттоо сөздөрүн социалдык тармактарда ар бир шаарлардан алып жаттым. Айтканынан кайтпаган жана туруктуу адамдардын менин айланама топтолушуна кубанычтуумун.»

Кең пейил жана ачык элимдин өлкө үчүн алдыга койгон максаттары орундалышына тилектешмин.

Кирип келген Жаңы жылыңыздар менен!

Жакында жоолугушканча», - деп жазат экс-депутат.

(автордун орфографиясы жана пунктуациясы бузулбай берилди)

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх