Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик каржы көзөмөлүндөгүлөр кыргызстандыктарга АЖЖМК бардык шарттарын дагы бир жолу түшүндүрдү

Адистер кеп бир гана айдоочулар эмес, жөө жүргөндөрдү да коргоо тууралуу болуп жаткандыгын баса белгилешти

Кыргызстандыктардын АЖЖМК полистеринин бар экендигин өткөөл мезгилдин убагында текшеришет, анын алдын ала аяктоо убактысын 2019-жылдын баш оона айынын жетиси деп белгилешти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Мамлекеттик каржылык көзөмөл кеңешинин аткаруучу мүчөсү Нурлан Байбосунов айтып берди.

- Баалар жана жоопкерчиликтин чектери өкмөттүн токтому аркылуу белгиленет, - деп түшүндүрдү ал. - Бааларды макулдашуу жаңы жылга чейин эле болгон, документ коомчулуктун талкуусуна коюлган. Камсыздоочу полистин баасын биз өкмөт токтом чыгарып тактаган соң айта алабыз. Бирок болжол менен кыймылдаткычынын көлөмү анча чоң эмес автоунаа үчүн АЖЖМК баасы үч миң сомдун тегерегинде болот.

Нурлан Мөкүшев Мамлекеттик каржы көзөмөлү бир нече жумадан бери токтом кабыл алынышын күтүп жаткандыгын белгиледи.

- Камсыздандыруунун эрежелерин бекиткенден кийин АЖЖМК полисин берүүнү каалаган компаниялар Мамлекеттик каржы көзмөл кызматына арыз жазышат да ал жерден аларга лицензия берилет, - деди ал. - Бирдин айынын жетисинен баштап лицензия алган компаниялар полис бере башташат. Биз бардык автоунаа айдоочулар бир күндө эле жоопкерчиликти камсыздандырып бүтө алышпайт, ошондуктан өткөөл мезгилди киргизүү сунушталып жатат. Жарандар ашыкпай полис алыш үчүн жетишээрлик убакыт болот.

Мамлекеттик каржы көзөмөлүнүн адиси АЖЖМК - бул автоунааны же айдоочунун ден соолугун, өмүрүн камсыздоо эмес экендигин кошумчалады.

- Автоунаанын ээсинин жол кырсыгы болгон учурда үчүнчү жактын алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо, - деп тактады ал.

- Бул көрүлүп жаткан чара биринчи кезекте жөө жүргөндөрдү коргойт. Анткени кырсык болгон учурда күнөөлүү айдоочу дайым элен чыгымды төлөй бербейт. Ошондуктан бул акчалар жабыр тарткандардын чыгымын камсыздандыруу компаниясы төлөйт. Бул учурда бардык эле жарандар АЖЖМК айдоочулар үчүн да жакшы экендигин түшүнө беришпейт. Кырсык болгон учурда күнөөлүү айдоочу чоң сумма төлөөгө туура келип калган учурлар болот. Бул жоопкерчиликти камсыздандыруу компаниясы өзүнө алат. Жабыр тарткан тарап акчаны бир айдын ичинде алат. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жоопкерчиликти камсыздоо ондогон жылдардан бери колдонулуп келет. Алтургай коңшу Казакстанда эле көп убакыттан бери бул колдонулат.

Ошону менен бирге Байбосунов камсыздандыруу полистеринин бир нече түрү болоорун да айта кетти.

- Эгерде, мисалы, үй бүлөдө автоунааны бир нече адам колдонсо, полисти төрт адамга каттоого болот, - деди ал. - Ал эми автоунааны көп адамдар такси сыяктуу колдонсо, анда полиске чексизге чейинки адамдарды кошсо болот. Бирок андай полис бир аз кымбатыраак болот. Дагы бир эскерте кетүүчү жагдай: полис бир гана Кыргызстандын аймагында гана жарактуу. Ал эми башка өлкөдө да жарактуу кылыш үчүн биздин мамлекет өкмөттөр аралык келишим түзүп жана «Жашыл карта» деген уюмга кириши керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх