Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бекешев өзүнүн түзөтүүлөрүн өтө эле кеч алып чыкты»

Депутат эреже бузуу тууралуу Кодекске эмне үчүн түзөтүү сунуштап жаткандыгына эксперттердин акылдары жетпей жатат

Жол эрежесин бузгандар үчүн 7 күндүн ичинде айып пулду төлөп калышса өлчөмү азаяры жакшы ой, анткени жарандар айып пулду убагында төлөөгө ашыгышмак. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт, укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Түшүндүрө кетели, депутат дастан Бекешев жол кыймылы жана эреже бузуулар тууралуу Кодекске түзөтүү киргизүүнү сунуш кылып жатат. Өзүнүн бул демилгесин ал өз сайтында билдирди.

«Кээ бир айып пулдардын өлчөмүн төмөндөтүүнү сунуш кылам, ал эми коопсуздуктун кемерин курчанбагандарды биринчи жолу эскертүү, кийинкиде айып салууга чакырам, - деп жазат эл өкүлү. - Эгерде айып пул тууралуу кеп кыла турган болсок, мен ( бул айдоочуларга жагат, а өкмөткө жагаарын билбейм) эгерде айып пулду 7 күндүн ичинде төлөсө 50% азая турган норма сунуштайм. Бул бир гана жол эрежесин бузгандар үчүн, ал эми мас болуп алып айдагандарды эсепке албаганда».

Ушуга байланыштуу Бекешев жол эрежесин бузгандарды маалымдагандарды материалдык жактан сыйлоо керек деген ойду бөлүшөт.

«Жарандарды кызыктыруу үчүн бул мыйзам долбоордун нормасына эреже бузуучунун видеосун же сүрөтүн алып келсе айып пулдун 10% төлөп берүү керек. Бирок бул жерде өкмөт сыйлык берүүнүн эрежесин жана уюлдук атайын тиркеме иштеп чыгуу керек. Бул норма «коопсуз шаарга» караганда алда канча жакшы болот», - түшүндүрөт ал.

- Бул жакшы демилге, бирок мурдатан киргизилбегендиги өкүнүчтүү, - дейт Карасартова. - Кыргызстанда анча жакшы эмес практика пайда болду, парламент адегенде бир нерсени өзгөртүп алат да, анан кайра чукулап оңдоо башталат. Азырынча мыйзам парламенттин талкуусунда, депутаттардын ар бири өз салымын кошуп жатат. Аягында келип бир бүтүм жок. Эмне үчүн мыйзам долбоор боюнча бардык сунуштарды алты ай бою топтоп, анан дароо талкууга койсо болбойт. Ал эми мыйзамды кабыл алган соң белгилүү бир убакытка чейин өзгөртүүгө мараторий жарыялаш керек. Анткени жарандар мыйзамдын өзгөрүшү менен иш кылып калышкан.

Өз кезегинде жарандык активист Адиль Турдукулов Бекешевдин идеясына ишенбөөчүлүк менен карайт.

- Бул мыйзам мыйзам чыгаруучу этаптан өткөн, - деп эске салат ал Vesti.kg сайтына. - Андан сырткары, көрүлө турган чаралар коомдук талкуудан өтүп жатат. Бирок бул мыйзам баарыбыз көрүп тургандай сапатсыз түрдө кабыл алынды. Бул Жогорку Кеңештин жаман иштегендигинин көрсөткүчү. Бирок кандай болгон күндө да бул ойлонулбаган кадамдар коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, андан оппозициялык күчтөр колдонуп кетиши мүмкүн.

Турдукулов мыйзам күчүнө кирээрден мурда үгүт жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи.

- Бекешев сунуштап жаткан нерсе - жакшы, бирок ал өзүнүн демилгесин өтө эле кеч сунуш кылып калды, - деп кошумчалады ал. - Бирок ал коомчулуктун белгисин байкап кала турган бирден бир гана депутат. Бирок Бекешев да бул мыйзамды талкуулоого катышкан. Эмне үчүн ошол учурда бул сунушун айткан эмес?

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх