Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция иши боюнча иликтөө аягына чыкты

УКМК Сапар Исаковдун ТВЕА компаниясы мындай долбоорлорду аткарганга жетишээрлик тажрыйбасы жана квалификациясы болбогондугуна атайылап эле көңүл бурбай койгондугуна көзү жетти

УКМКнын башкы иликтөө башкармасы Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү аяктады.

Иликтөө тарабынан Сапар Исаков баш болгон бир катар кызматтагы жана башка кишилердин ыйгарым укуктарын пайдалануу аркылуу ТВЕА компаниясы менен мамлекетке өтө көп зыян келтирүүчү келишим түзүшкөн. Натыйжасында мамлекетке жана коомго келтирилген чыгымдын суммасы 111 252 797 доллар болду.

2010-жылы бирдин айында, ЦАРИИ коммуникация кызматынын жетекчиси Сапар Исаковдун катышуусу астында ЦАРИИнин жыйынында Бишкек ЖЭБин жаңылоо калыбына келтирүү иши каралган. Дүйнөлүк банк сунуштаган 150 000 000 доллар жана ТВЕА сунуштаган 200 000 000 долларды жаңылоого жумшоону чечишкен. Кеңешменин жыйынтыгында ТВЕАнын сунушу Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес деп кабыл алышкан. Анткени алардын анын баасы кымбат, техникалык жана технологиялык өксүктөрү болгон.

Бирок, 2013-жылы Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын башчысынын орун басары рангасындагы президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп туруп, бул долбоордун ишке ашышын жеке өзщү көзөмөлгө алып, жаман оюн ишке ашырыш үчүн ТВЕА компаниясын бул долбоорду ишке ашырууда Башкы мандикерликке көрсөткөн. Анын баасы 386 000 000 доллар болду.

Ошону менен ал ТВЕА компаниясынын бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жетишээрлик тажрыйбасы жана квалификациясы болбогондугуна атайылап көңүл бурбай койгон, ал эми техникалык-экономикалык негиздеме жана долбоордун сметалык документтери толтурулбай калган.

Белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда көрсөтүлгөн сумма Кытайдын ЭКСИМ Банкынан өкмөттүн кепилдиги менен жылына 2% менен 20 жылга алынган. Кредитти алган учурдан баштап азыркыга чейин Кыргызстан кредиттин пайызын 22 814 328 доллар өлчөмүндө төлөдү.

Учурда айыпталуучулардын жана алардын коргоочуларынын кылмыш иштеринин материалдары менен таанышуу болуп жатат, ал бүткөндү иш Башкы прокуратурага жиберилет, андан соң сотко өтөт.

УКМК маалымат борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх