Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат башпрокурордон Кулматов менен Сатыбалдиевди бошотууну өтүнөт

Исхак Масалиев тергелип жаткандарды үй камагында жүрө берсе болот деп эсептейт

Депутат Исхак Масалиев башпрокурорго камактагы мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү карап көрүү өтүнүчү менен кат жазды. Бул тууралуу эл өкүлү Vesti.kg сайтына өзү айтып берди.

- Мен аларды үй камагына чыгарууну сурандым, - деп түшүндүрдү Исхак Апсаматович. - Бирок аларды күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп таануу менин милдетимдеги иш эмес, ал соттун иши. Укук коргоо органында иштеген адам катары менин аларга болгон оюм башкача. Анткени Жантөрө Сатыбалдиев кызматта турганда ЖЭБди жаңылоо долбоору эми гана иштелип чыгып жаткан. Ал эми жаңылоо башталган кезде ал кызматын таштап кеткен болчу. Кулматов деле мектеп курулуп баштаганда мэр эмес болчу да.

Масалиев ЖЭБди жаңылоону текшерүүдө депутаттык комиссияда болгондугун эске салды.

- Жылуулук электр борборун жаңылоо зарыл иш болгондугун комиссия моюнга алды, - деп белгиледи ал. - Кредитти алуу да негиздүү. Бирок биз чыгарган жыйынтыктын эң негизгиси: бул долбоорго кеткен чыгымдын шектүүлүгү. Кийинчерээк мен Сатыбалдиев менен УКМКнын тергөө абагынан жоолуктум. Тергөөгө ал так жооп берип жатат. Мурунку премьер-министр өлкөдөн эч жакка качып кетпейт, оюнда да жок качуу. Аны үй камагына чыгара берсе болот деп ишенем.

Эске салсак, учурда УКМКнын тергөө абагында Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов, андан мурунку мэр Кубанычбек Кулматов, Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, мурунку премьерлер Сапар Исаков жана Жанторо Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев жана башкалар жатышат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх