Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райымбек Матраимовдун өкүл баласы ИИМдин мурдагы чиновнигинин уулунун башын жардыбы?

Такталбаган маалымат боюнча, бажынын мурдагы кызматкери дагы бир кишини урган

Кыргызстандын бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов ИИМдин мурдагы жетекчисинин баласынын башын жарган. Бул туурасында Vesti.kg сайтына өздүк булактар билиришти.

« «Ош» ыкчам бажы кызматынын начальнигинин мурдагы орун басары Эмилбек Кимсанов Кангелдиевдин уулунун башын жарды», - деп айтылат маалыматта.

Түшүндүрө кетели, Эмилбек Кимсанов өткөн жайда бир кишини арматура менен сабап, тапанча ьакап коркутуп көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон. Бирок өздүк булактар МБК мурунку кызматкери кайрадан кишинин денесине жаракат келтирип урган деп Vesti.kg сайтына билдирди.

Эмилбек Кимсановдун азыр МБК иштебегендигин МБКлар билдиришти. Ошону менен бирге алар анын өз каалоосу менен кеткендигин же болбосо кызматтан бошотулгандыгын так айтышкан жок.
Андан сырткары, Vesti.kg сайты Ош облусунун ИИБ маалымат кызматына кайрылды. Бирок андагылар Кимсанов деген жарандын кылган иши тууралуу маалыматтары жок экендигин айтышты.

- Андай факт бизде катталган эмес, - деп ырасташты аймактык милициядан.

Жабырлануучудан Ош шаарынын ИИБ арыз келип түшкөн эмес. Андагылар Vesti.kg сайтына бул факт тууралуу иштин материалы жоктугун айтышты.

Эмилбек Кимсановдун Матраимовдордун үй бүлөсү менен байланышы бар экендигин да тактоого мүмкүн болбоду. МБК төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов берген сурообузга жооп берүүдө баш тартты.

- Мындай сурооңорду менин бир тууганымдын өзүнө бергиле, деп жооп берди ал Vesti.kg сайтына.

Болжолубузда, кеп Чүй облусунун мурдагы башчысы, ИИМ ИКК мурунку начальниги Эркин Кангелдиевдин уулу тууралуу болуп жатса керек. Vesti.kg сайты Кангелдиевдин үй бүлөсү менен да байланышка чыкты, бирок алар да азырынча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх