Өмүрбек Текебаевди жалган куран айында калк арасындагы абакка которушу мүмкүн
Жактоочулары азыр тийешелүү документтерди даярдап жатышат
Камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевди ушул жылдын жалган куран айында калктуу абакка которушу мүмкүн. Бул туурасында Vesti.kg сайтына саясатчынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
- Биз жаза өтөө мөөнөтү боюнча өзүбүздүн эсебибизди жүргүздүк, ушуга байланыштуу калктуу абакка чыгаруу мүмкүнчүлүгү пайда болот деп ишенебиз, - деп түшүндүрдү ал. - Учурда биз тийешелүү документтерди даярдап жатабыз.
Ошону менен бирге Токтакунова жактоочулардын кылмыш ишти кайра карап чыгуу өтүнүчүн даярдап жатышкандарын белгилеп кетти.
- Жаңы кодекстер күчүнө киргендигине байланыштуу Текебаевдин берене боюнча эркинен ажыроо мөөнөтү азаят - бул ишти кайра кароого дагы бир негиз. Бирок башка да жагдайлар бар, - деп сөзүн бүтүрдү юрист.
Эске салсак, мурда өткөөл мезгилдин экс-президенти Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчү менен кайрылган. Ал арызга Жогорку Кеңештин бардык фракция лидерлери кол коюшкан.
Вероника Малышева
Сүрөт www