Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев жакында Индияга учуп кетет

КСДП муну саясатташтырбоону өтүнөт

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев Индияга барып эс алып келүүнү көздөп турат. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева социалдык тармактарда билдирди. 

«Тармакта Кыргыз Республикасынын экс-президенти, КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандан Индияга чыгып кеткени жаткандыгы тууралуу маалымат пайда болду, - деп жазат ал. - Ооба, Алмазбек Шаршенович кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгат, ал партиялык иштерден мээ сергитип эс алууну калайт. Ал азыр эркин адам, мамлекеттик кызматкер эмес, ар кандай мүнөздөгү сапарларга чыга берет. Сураныч, мындан саясат жасабагыла. Үчтүн айынын он биринде сапарга чыгат. Кыргызстанга кайра 2019-жылы үчтүн айынын жыйырма биринде кайтып келет», - деп жазат Жолдубаева.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх