Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандагы кытайлык мигранттарга каршы митингге чыккандарга эфирден убакыт берилет

Бирок бардык эрежелерге ылайык, телеберүүнүн убактысындагы талкуунун алкагында гана болот

Ала-Тоо аянтында жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын имаратынын алдында митингге чыккан элдердин талабы боюнча, аларга эфирдик убакыт берилет. Бул туурасында Vesti.kg сайтына КТРК бачшчысы Илим Карыпбеков билдирди.

- Активисттер катуу талап койгондон сырткары бизге телефон чалышты, - дейт ал. - Мен аларга белгилүү бир теле берүү бар силер кызыккан маселе боюнча деп айттым. Мен телеберүүнүн эрежеси боюнча маектешүүнү сунуштадым. Биз азыр ага ким катышаарын жана кандай форматта өтөөрүн талкуулап жатабыз, бирок толук чечиле элек.

Эске салсак, 2019-жылы үчтүн айынын жетисинде борбордук Ала-Тоо аянтына Бишкек ИИМБ маалыматы боюнча 100 чамалуу киши топтолгон. Митингдин катышуучуларынын айтымына караганда, митингге чакырыкты WhatsApp аркылуу кимдир бирөө таркаткан. Чогулган эл Кыргызстандагы мыйзамсыз жүргөн кытай мигранттарын бийликтен депортация кылышын талап кылып жатышты.

Ошондой эле алар өлкө башчылыгынан кытай саясий кайра тарбиялоо лагерлеринде жаткан мекендештерибизге жардам көрсөтүүнү суранышты. Кийинчерээк элдер КТРК тарапка өтүштү. Фейсбук колдонуучу Жакшылык Бердибек уулунун тарткан видеосунан алардын «Кытайлар кетсин!» жана «Кыргызстан!» деп кыйкыргандары угулат.

Митингге чыккандар бийликке жана биздин өлкөнүн элдерине кайрылуу үчүн эфирдик убакыт берүүнү талап кылышты.
Жарандык активист Аманбол Бабакулов чогулгандарга өкмөткө жана депутаттарга кайрылып, Кытай жарандарынын Кыргызстанга киришине мораторий киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алууну жана аларга КР жарандыгын берүүгө тыюу салууну талап кылууну айтты.

Бишкек ИИМБ Vesti.kg сайтына билдиргендей, бул акциянын жүрүшүндө тартипти сактоону көзөмөлдөп элүүдөй Ленин районунун ИИБ кызматкерлери коштоп жүрдү. Аларга кошумча Бишкек ИИМБ жол кайгуул кызматынын кызматкерлери да жүрүштү.

- Тартип бузгандар, арыздануулар жана коркутуулар болгон жок, - деп билдиришти андагылар.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх