Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тартышты. Жактоочу Башпрокуратурага арызданды
Башкы көзөмөл органына камактагы адамдын актыгын далилдеген видео да жөнөтүлдү
Бишкек шаардык прокуратурасы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун ишин кароодон баш тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына камактагы саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосунов айтып берди.
- Биз ушул жылдын үчтүн айынын сегизинде Башпрокуратурага арыз жолдодук, - деп маалымдады ал. - Арызга сот отурумунда өз көрсөтмөлөрүн өзгөрткөн төрт күбөнүн видеосунун дискин коштук. Азыр ал кишилер аларга басым болгондугун, жана Жапаров барымтага алууга эч кандай тийешеси жоктугун айтып жатышат.
Эске салсак, экс-депутат Садыр Жапаров «Барымтага алуу» беренеси менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Аны 2013-жылы Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алганга күнөөлүү деп табышкан.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www