Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ордо калаабызда маршрутканын жол киресин 12 сомго кымбаттатууну каалашат

Бишкектин вице-мэринин сөзү боюнча, бул маселени БШК депутаттары караш керек

Бишкекте маршрутканын жол киреси кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Бишкектин транспорт тармагын тейлөөчү вице-мэри Максим Ситников журналисттер менен жоолугушуу учурунда айтты.

Анын сөзү боюнча, жол кире эки сомго кымбатташы мүмкүн.

- Тариф саясаты боюнча иш бир кылка жүргүзүлөт, - деп түшүндүрдү Ситников. - Бул маселе бышып жетилди, биз бүгүн чечим кабыл алып,этең киргизип коё албайбыз. Бул адегенде тийешелүү комитетте каралышы керек, анан шаар кеңешинин сессиясында талкууланат.

Эске салсак, мурда соцтармакта маршрутка айдагандар иш таштоо кылышат имиш деген каңшаар сөз таркаган. Бирок жүргүнчүлөрдү ташуу Бирикмеси бул маалыматты Vesti.kg сайтына калп деп айтышты, алар тарифтин жогорулашына мыйзамдуу жол менен жетишүүнү көздөшөт.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх