Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эми ЖОЖдор кыргыз тилин жакшы билген гана абитуриенттерди тандап алат

Билим берүү Министрлиги жогорку окуу жайларына өтүү үчүн кыргыз тилин жакшы билүү артыкчылык деп эсептелээрин расмий жарыя кылды

 Билим берүү Министрлиги Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларында абитуриенттерди тандап алууда мамлекеттик тилди жакшы билгендерге артыкчылык берилээрин маалымдады.

Кыргыз Республикасынын 2018-жылы кулжа айынын он бириндеги №279 токтомуна ылайык жогорку окуу жайына өтүү үчүн Жалпы республикалык тестирлөөдө «Кыргызтесттен» өтүп, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын сертификатына ээ болгон абитуриенттер гранттык орундар берилет.

Кыргыз Республикасынын илим жана билим берүү Министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы тестирлөөдөн өтүү абитуриенттин каалоосу менен болот.
Кыргыз тилинде билим алгандардын сертификат алышы үчүн алган упайы В1 кем болбоо керек. Ал эми башка тилдерде окугандар үчүн ( орус, өзбек, тажик) - А2 төмөн болбоо керек.

Үстүбүздөгү жылдын жалган куран айынын биринен баштап Кыргызтесттин сайтында алдын ала тестирлөөлөр өткөрүлө баштайт.
С 1 марта текущего года школьники смогут пройти пробные тестирования на сайте Кыргызтеста.

Кыргыз Республикасынын ИБМ маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх