Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: менин болжолумда президентти бир нерсеге кириптер кылганы жатышат

Депутат азыр Текебаевдин боштондугу үчүн күрөшүү учурдун талабы болуп калды, ошондуктан көпчүлүк саясатчылар мындан пайдалангылары келип жатышат

Текебаевдин боштондугу үчүн күрөшүү учурдун талабы болуп калды, ошондуктан көпчүлүк саясатчылар мындан пайдалангылары келишет. Мындай деген оюн Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- Эгерде биз анын алтымыш жылдык мааракесине келгендерди карап көрсөк, ал жереде мурун аны менен бирге отурбагандар да баргандыгын билебиз, - деп белгиледи эл өкүлү. - Албетте, киши түрмөдө отурганда аны колдоп туруш керек. Ал эми саясатчы үчүн бул таптакыр андай нерсе эмес. Мен аны менен сүйлөштүм. Текебаев ырайым суроого караманча каршы экен. анткени ал өзүнө тагылган айыпка макул эмес. Мурда ырайым кылына турган кишинин өзү сурана турган норма бар болчу, кылган ишине өкүнүп, кечирим сурашы керек болчу. Кийин бул норма да жылмакай болуп кетти. Анда кечирим кылуу үчүн соттогон киши өзү суранышы керектиги жазылып турат.

Исхак Абсаматович президенттин алдындагы комиссия мыйзамды өз алдынча жоромолдобош керектигин кошумчалады.

- Бирок, мыйзамда соттолгон адамдан башка дагы кимдин кечирим суроого болоору так жазылып турат, - деп түшүндүрдү ал. - Мен мунапыс тууралуу жаңы мыйзам иштеп чыктым, анда ырайым кылууну омбудсмендин сурашы көрсөтүлгөн. Бирок ал документти кабыл алыша элек. Роза Отунбаеванын өтүнүч тууралуу жөндөмөсү башында эле туура эмес жана саясатташкан экендигин билгем. Президентке сотторду туура эмес деп таанып, ал эми Текебаевди болсо ак деп эсепте деп сунуш кылышты. Менин болжолумда, президентти бир нерсеге кириптер кылганы жатышат булар.

Белгилей кетчү нерсе, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева президенттин аппаратынын Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуудан баш тартуусу - кадимки эле мыйзамдан баш тартуу. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди.

«Бул бюрократтык баш тартуу. Мен, экс-президент катары, бүтүндөй парламент, алты фракциянын жетекчилери, саясий институттун башчылар кол койдук. Алардын баары менин өтүнүчүмө макул болушту, бирок бир гана бюрократ бир кагаз жетишпей жатат деп жооп берди. Анын көзүнө мыйзам ушундай көрүнөт экен. Биздин маселебизди саясий контекстте кароо керек», - деп түшүндүрдү ал.

Отунбаева парламент баары бир бул маселени карап көрүү керек деп көшөрөт.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Роза Отунбаеванын Президентке Текебаевге ырайым бер деп өтүнгүндүгүн жазган эле. Анын демилгесин Жогорку Кеңештин бардык фракциялары колдошкон.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх