Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин ИИМБ башчысынын жаңы орун басары: Чынын айтсам мени борборго которушарын билген эмесмин

Эрлан Атантаев шаарды тартипке салам деп убада берди

Бишкек ИИМБ начальнигинин жаңы орун басары Эрлан Атантаев Vesti.kg сайтына өзүнүн жаңы кызматтагы иш пландары тууралуу айтып берди.

Анын сөзү боюнча, бул дайындоо ал үчүн күтүүсүз жерден болду.

- Эгерде сынымды айтсам, мени борбор шаардын ИИМБ которот деп ойлогон эмесмин, - деп белгиледи ал. - Азыр коомдук тартипти жөнгө салууга максат коюлган, анткени элдер буга анчейин деле макул болбой жатышат. Ошондой эле мекемеде да тиртиптин болуусу абзел. Жарандар милицияны дамаамат сындап келишет.

Эске салсак, 2016-жылдын баш оона айынан бери Эрлан Атантаев Ысык-Көл облусунун ИИБ
начальнигинин орун басары болуп эмгектенип келди.

Мурда ал Бишкектин патрулдук милиция Башкармасынын башчысынын орун басары болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх