Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри «Мен эч кимди сөккөн эмесмин жана иштен алган эмесмин, болгону жыйналыш кылгам»

Рыспек Сарпашев «Бишкек санитардык таштанды талаасынын» кызматкерлери таштанды иргөө үчүн конкурстан өткөн жаңы компания менен иштегилери келбей жатат деп ишендирет

«Бишкек санитардык таштанды талаасында» эч кандай жаңжал болгон эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин турак жай чарбачылык боюнча вице-мэри Рыспек Сарпашев мурда пайда болгон маалыматтарды четке кагуу иретинде билдирди.

 Чиновник эч кимди жумуштан албагандыгын, жөн гана муниципалдык ишкананын кызматкерлери менен жыйналыш өткөргөндүгүн айтат.

- «Бишкек санитардык талаасында» бүгүнкү күндө таштанды иргөө боюнча «Вест» компаниясы алектенет, ал конкурстан утуп алган, - деп түшүндүрдү Сарпашев. -Мурдагылар 700 миң сом төлөчү экен, ал эми жаңы компания болсо 850 миң сом төлөйт. Бул жерде талаш эле болуп жатат, кээ бир кызматкерлер жаңы өнөктөш менен иштегиси келбей жатат.

Рыспек Анаковичтин сөзү боюнча, «Вест» компаниясынан арыз түшкөн, ошонун негизинде жыйналыш өткөргөнгө мажбул болгон.

- Мага алар бизди иштетпей жатышат деп билдиришти, - дейт вице-мэр. - Менимче мурдагы өнөктөштөр бут тосуп жатат окшойт. Ошондуктан мен «Тазалык» жана «Бишкек таштанды талаасы» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлерин топтоп жыйналыш өткөрдүм. Мен эч кимди сөккөнүм жок, жөн гана мыйзам боюнча «Вест» компаниясы уткандыгын жана биз аны менен иштешүүгө милдеттүү экендигибизди түшүндүрдүм. Андан сырткары, алар бизге мурункуларга караганда 150 миң сом көп төлөшөт.

Ошону менен бирге чиновник бир нече кызматкерге иштен бошотуу тууралуу эскертүү бергендигин кошумчалады.

- Менимче, элдер мурунку өнөктөш менен иштешкенге кңнүп алган, же алар менен бөлүшө турган бирдемелери бар, - деп белгиледи Сарпашев.

- Мен эгерде мындай көрүнүш кайталана турган болсо, анда кээ бир кызматкерлер менен коштошууга туура келээрин айттым. Эми алар болсо мени өзүмдүн кызматкерлеримди таштанды иргөөгө мажбурлайт деп айта башташты. Мага анын эмне кереги бар?

Эске сала кетели, мурда борбор шаардын мэриясынан булактар Vesti.kg сайтына өткөн жумада вице-мэр Рыспек Сарпашев «Бишкектин таштанды талаасында» жаңжал кылды деп билдиришкен эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх