Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККМК башчысынын орун басары: Бизди эмнеге айнекти күңүрттөө менен күрөшүү укугунан ажыратышканы түшүнүксүз

Маичилер алардын транспорт Министрлигине алып берип койгон ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңеш кайрып берет деген үмүттө

Жаңы Кодекстер күчүнө киргенден кийин ЖКККМК кызматкерлери автоунаанын күңүрттөлгөн айнеги үчүн айып пул сала алышпайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМ жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө Башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Нур Сатыбалдиев айтып берди.

- Жаңы мыйзам боюнча бул ыйгарым укук жол жана унаа Министрлигине өттү, - деп түшүндүрдү ал. - Эми ал мекеменин кызматкерлери айнеги күңүрттөлгөн унааларды токтотуп жана айып салуу тууралуу чечим кабыл алышы керек. Мындан башка да милдеттерди унаа Министрлигине өткөрүп беришти.

Нур Рысканович азыркы тапта Жогорку Кеңеш бул ыйгарым укукту ЖКККМК катарып берүү мыйзам долбоорун карап жатат.

- Мыйзам биринчи окуудан өттү, - деп белгиледи ал. - Эгерде кабыл алышса, анда биз кайрадан автоунаалардын айнектерин күңүрттөөгө каршы күрөшөбүз. Анткени ЖКККМК жол коопсуздугун камсыздоочу жападан жалгыз тийешелүү орган. Эмне үчүн бизди ыйгарым укуктун бир бөлүгүнөн ажыратышкандары түшүнүксүз. Биздин кызматкерлердин бул иште тажрыйбасы бар эле да. Ал эми унаа Министрлигинин штаты болсо кичинекей. Алардын кимиси рейдге чыкмак эле?

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх