Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абдырахман Маматалиев: Кимдир бирөөлөр транспорт министри болуу үчүн өзүнө арык чаап жатат

Мурунку вице-премьер өзүн ал кызматты көздөп атат деген ушактарды четке какты

Кээ бир адамдар транспорт жана жол Министрлигинин башчысы болууну самап, каралоо компаниясын баштап, өзүнө арык чаап баштады. Мындай деген ойду Vesti.kg сайтына экс-вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев бөлүштү.

- Мага кээ бир маалымат каражаттары мени министр болгону жатат деп жазышкандарын билдиришти, - деп белгиледи ал. - Бирок мен өзүм бул тууралуу эч нерсе уккан жокмун. Чамасы, алар муну мурда ошол мекеменин башчысынын орун басары болгондугумдан айтып жатышат окшойт. Ошол кызматты каалагандар ушундай жол менен атаандаштарынан арылгысы келет.

Түшүндүрө кетели, ЖМК экс-виц-премьер Абдрахман Маматалиев жол жана транспорт министри кызматын көздөп турат деп билдиришти. Журналисттер алтургай Маматалиев бийлик тараптан колдоого алынып, мамлекет башчы тарабынан тийешелүү жарлыкты күтүп жаткандыгын өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Эске салсак, мурдагы транспорт министри Жамшитбек Калилов былтыр бештин айынын орто ченинде отставкага кетти.

Анын кызматтан кетээринин алдында коопсуздук Кеңешинин жыйынында мамлекет башчы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Калиловду жол жана транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин кылмыш ишинин иликтениши бүткүчө кызматтан четтете турууну тапшырган болчу.
Андан мурунураак УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Жусубалиевди 50 миң доллар параны накталай алып жаткан жеринен кармаган болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх