Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Кулматовду да камакта калтырышты

Мурунку мэрдин жактоочусу Бишкек шаар соту КР КЖК жаңы да эски да талаптарына көңүл бурган жок деп эсептейт

Бүгүн Бишкек шаар соту Биринчи май райсотунун Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовду үчтүн айынын отуз бирине чейин камакта калтырган чечимин күчүндө калтырды.

«Сот Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин эски да жаңы да талаптарына көңүл бурган жок, анткени анда камакта калтыруу үчүн айыпталуучуга конкреттүү далил келтирип же жагдайды түшүндүрүү зарыл деп жазылган. Тергөөчүлөр да, прокурорлор да Кубанычбек Кулматовдун камакта калуусуна негиз боло турган фактыны көрсөтө алышкан жок», - деп билдирди камактагынын жактоочусу Сергей Слесарев. Ал отурумдун жабык түрдө болгондугун да кошумчалай кетти.

Анын айтымында, кылмыш ишинин экспертизасын жүргүзүү мыйзам бузуулар менен коштолду.

«Иштин материалдары менен таанышып көрүп, мен Кулматовго карата козголгон кылмыш иши жалаа экендигин дагы бир жолу айткым келет. Ал мектепти курган да эмес, курулушту гана демилгелеген, бирок аны коррупцияга айыптап камап жатышат. Коррупция деген жеке кызыкчылыгынын пайдасын далилдөөнү талап кылган кылмыш да. Бирок тергөөнү ал кызыктырбайт: алар Кулматовдун мектеп курулушундагы жеке кызыкчылыгын далилдей алышкан жок жана далилдей да алышпайт. Мен экспертизанын жыйынтыгы менен тааныштым, ал башынан аягына чейин мыйзам бузулуп жүргүзүлгөн. Бул кылмыш ишинин ойдон чыгарылгандыгы көрүнүп эле турат, аны мындан ары да улантууга аракет жасап жатышат», - деп эсептейт Сергей Слесарев.

Эске салсак, бүгүн Бишкек шаар соту мурдагы премьер Сапар Исаковду да камакта калтырды.

КСДП маалымат кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх