Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» аэропортунун директорлор кеңеши фамилиясын өзгөрткөн Жолдошбек Бектургановду башчы кылабы?

 Мурда аны Жогорку Кеңеште сындашкан болчу

«Манас» эл аралык аэропортунда директорлор кеңешинин башчылыгына жаңы жетекчи шайлоого ниеттенип турушат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясындагы булактар билдирди.
Такталбаган маалыматтар боюнча, эртең, үчтүн айынын он алтысында, мамлекеттик ишкананын директорлор кеңешинин кезексиз жыйыны болот. Анда азыр «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын жетектеп турган Жолдошбек Бектургановдун талапкерлиги каралат.
Эске салсак, былтыр жетинин айында экономика министри Олег Панкратов «Эйр Кыргызстан» компаниясы приватизация программасына киргизилгендигин, эми сатыла тургандыгын билдирген эле.

Чиновниктин айтымында, компания учактардын жоктугуна байланыштуу авиаташууларды аткара албайт.

«2010-жылы «Эйр Кыргызстан» авиапаркында 10 учак бар эле, азыр төртөө гана калыптыр. Алардын бирин Румынияга ижарага берип жиберишкен, ал эми калган үчөө болсо жарактан чыккан. оңдоого каражат жок. Компанияны сатууга туура келет»,- деп түшүндүргөн Панкратов.

Бектургановду кызмат ордунан алуу маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн. Парламенттин пленардык жыйынында авиакомпанияны сатуу маселеси каралган. Андан сырткары депутаттар депутаттарды Бектурганов айына алган 4 миң доллар айлык нааразы кылган.
Белгилей кетели, былтыр күзүндө Жолдошбек Бектурганов фамилиясын өзгөртүп Токторбаев болуп алган. Депутат Гүлшат Асылбаеванын эмне үчүн фамилияңызды өзгөрттүңүз деген суроосуна, атамдын өлөөр алдындагы керези ушундай болчу деп жооп берген.

Vesti.kg сайты «Манас» Эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбановага маалыматты тактоо иретинде кайрылганыбызда, ал бул маалыматтарды төгүнгө чыгарды. Эртең чындыгында жыйын болот, бирок ал акционерлердин жыйыны деп жооп берди.
- Директорлор кеңеши жыйын кылууга ниети жок, - деп түшүндүрдү ал. - Акционерлердин чогулушу болот. Күн тартибинде башка маселелер каралат.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх