Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Тазабек Икрамов «Эл агартуунун отличниги» деген наамды эмнеге алгандыгын түшүндүрдү

Эл өкүлү бул жаңылык ал үчүн күтүүсүз болгондугун мойнуна алды

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» деген наам алды.

Vesti.kg сайтына депутат бул билим берүү Министрлигинин сыйлыгы ага мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө түрткү берээрин айтты

Андан сырткары, Икрамов бул наамды ага кайсы кылган кызматы үчүн беришкендигин айтып берди.

- Наамды жаңы жылдын алдында алдым, - деп тактады ал. - Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Акыркы үч жылдан бери Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде билим берүү жаатында жаңылануу үчүн мыйзам долбоорлдорду иштеп чыктык.

Андан сырткары, жаш спортсмендерди активдүү колдоп жатабыз. Менин жетекчилигим астында жыл сайын эл аралык мелдештер өткөрүлөт.
Эске салсак, Тазабек Икрамов убагында Жалал-Абат облусундагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун филиалында дене тарбия мугалими болуп эки жыл эмгектенген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх