Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Мен бүгүнчө өзүмдү өзүм өрттөбөй турам». Роза Маманованын ишин кайра карашат

Активист аялдын ишин Баткен облустук сотуна кайра кароого жиберишти

Жогорку сот жарандык активист Роза Мамановага карата чечим кабыл алды, анткени ал сотаны актабаса, өзүн жана эки баласын өрттөйм деген.
Уктуруу бүгүн болду, ага Кызыл-Кыя шаарынын мурунку вице-мэринин биринчи топтогу майып аялы Акмөөр Маматова катышты. Ал Маманованы алдамчылыкка жана коркутуп акча өндүрүүгө айыптап жатат.

Сот ишти кайра карап чыгуу үчүн Баткен облустук сотуна жөнөтүү токтомун чыгарды.

Акмөөр Маматова бул чечимге нааразы болуп калды. Ал Vesti.kg сайтына Маманованын күнөөсүн далилдеп берем деп айтты. - Эми баарын танып жатат. Бирок мен акыр аягына чейин соттошом. Бул ага майыптарды алдабашы үчүн сабак болсун. Аны Баткенде алдамчы катары баары билишет, эч жерде иштебейт, жактоочумун деп өзүн тааныштырат. Кээде элдик көзөмөлчүмүн дейт, эптеп илинчек таап элдерден акча өндүрүп алат.

Роза Маманова өз кезегинде аны каралап жатышкандыктарын айтат. Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде өзүн өзү өрттөйм деди.

- Мен бүгүн эч кандай акча албагандыгымды далилдедим, - дейт Маманова. - Актай турган чечимди күткөм, бирок иштин облустук сотто кайра каралышына да макулмун. Мен бүгүнчө өзүмдү өрттөбөй турам. менин колумда актыгымды далилдей турган документтердин баары бар.

Эске салсак, мурда жарандык активист Роза Маманова эгерде сотаны актабаса Ак үйдүн алдына чыгып өзүн жана эки баласын өрттөйм деген.

Ал аял өзүгнө козголгон кылмыш ишин жалаа дейт.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх