Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорт министри кызматына талапкер Жанат Бейшеновдун жамандыгы деле жок

Эксперт мурдагы транспорт министринин орун басары тууралуу эч кандай жаман нерсе билбейт

Кыргыз Республикасынын жол жана транспорт министри кызматына талапкер Жанат Бейшеновдун эч кандай жаманчылыгы деле жок. мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына «Коррупцияга каршы коом» коомдук фондунун төрагасы Манас Кадыров бөлүштү.

- Анын талапкерлигин бул кызматка сунуштагшандары жакшы, анткени ал тарнспорт Министрлигинде иштеп кеткен жана коррупцияга малынган эмес, - деп белгиледи ал. - Буга чейин өзүнүн транспорттук бизнеси бар бирөөнү сунуштап жатышпады беле. Ошондуктан Бейшенов алардын ичинен жакшыраагы.

Эске салсак, премьерөминистр Мухаммедкалый Абылгазиев Жанат Бейшеновдун талапкерлигин Кыргыз Республикасынын жол жана транспорт министринин кызматына сунуштаган.

Учурда Жанат бейшенов Евразия экономикалык комиссиясынын инфраструктура жана транспорт Департаментинин темир жол бөлүмүн башкарат (Москва шаары РФ). Мурда ал премьер-министрдин кеңешчиси, ошондой эле КР транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басарылыгы кызматын аркалаган.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх