Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын алып салууну каалашат

Экс-башпрокурор курамына кирген жумушчу топ референдумга ушул күтүлбөгөн маселени алып чыгууну көздөп жатат

Айрым бир саясий күчтөр ушул жылы күзүндө Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү көздөшөт. Бүгүн Бишкекте ушуга байланыштуу тегерек үстөл болду.

Иш чаранын катышуучуларынын бири экс-башпрокурор Азимбек Бекназаров «чөнтөк парламенти эч нерсени чече албайт, ал кыңк этпестен президенттин айтканын гана аткарат», деп билдирди. Анын ою боюнча, мунун баары Жогорку Кеңеш партиялык тизме менен келген бизнесмендердин айынан болуп жатат. Алар бир гана өздөрүнүн бизнестерине гана байланышкан.

Моюнга алуучу нерсе, тактап айтканда, башкаруунун бир гана парламенттик формасы сунушталат. Депутаттарды шайлоо бир гана партиялык тизме боюнча болбойт. Андан сырткары, курултай институтун киргизүү, орус тилин расмий деп аталган макамынан ажыратуу көздөлүп жатат.

«Эмне үчүн биз документтерди даярдоодо мамлекеттик тилде анан кайра расмий тилде кайталап отурушубуз керек?»,- деп суроо узатат Бекназаров.

Референдум өткөрүү үчүн демилгечи топ шайлоочулардан 10 миң кол топтошу керек, андан соң долбоор Жогорку Кеңешке өткөрүлүп берилет. Жогорку Кеңеш бүткүл элдик добуш берүү күнү белгилейт.

«Эл кандай чечсе, так ошондой болот, - деп билгиледи Азимбек Анаркулович. Биз сунуш гана киргизебиз».

Толкун Сагынова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх