Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мар Байжиев: Орус тилинин расмий макамын алып салуу - бул «мыркымбайчылык»

Кыргызстандын белгилүү ишмерлери мурунку башпрокурордун сунушун сынга алышты

Кыргызстандын экс-башпрокурору Азимбек Бекназаров болуп өткөн тегерек үстөлдө орус тилинин расмий макамын алып салуу сунушун киргизди.

«Эмне үчүн биз документ даярдоодо мамлекеттик тилден расмий тилге көчүрүп отурушубуз керек? Бул кимге жана эмнеге керек?!», - деди ал.

Бекназаровдун сунушун коомдук ишмерлер, көрүнүктүү саясатчылар сынга алышты. Алар орус тили эл аралык пикир алышууда керек дешти.

Vesti.kg сайты менен болгон маегинде депутат Эльмира Иманалиева бир нече тил мамлеукеттик тил деп аталган өлкөлөрдү эсептеп өттү.

- Дүйнөдө мамлекеттик тили катары бир нече тили бар өлкөлөр бар, - деп баса белгиледи ал. - Анын эмнеси жаман, элдер бир нече тилде сүйлөй беришет?! Мен Бекназаров эмнени каалап жаткандыгын билбейм, бирок мен аны менен макул эмесмин. Анткени, орус тили өзүнүн расмий деген макамын сактап калышы керек. Мунун эч жамандыгы жок. Мен Малайзияда болдум. Ал жерде төрт тил таанылат, жарыялар төрт тилде тең илинет. Андан эч кимдин эч нерсеси кемип кетпейт.

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мар Байжиев болсо Азимбек Анаркуловичтин демилгесин «мыркымбайчылык» деп атап салды.

- Мен кесипкөй тилчи катары айтам, тил деген - бул саясий кубулуш эмес, ал биологиялык, адамга зарыл нерсе, аба сыяктуу, - дейт дейт жазуучу. - Кантип биз орус тилсиз жашай алабыз? Бул акмакчылык деп ойлойм. Мен Кыргызстандын Конституциясынын авторлорунун бири болом, ал жерде бешинчи главада жазылып турат, орус тили расмий тил эмес, эл аралык пикир алыша турган тил болуп саналат.

Андан сырткары, мен жаңы Конституциянын долбоорун жарыяладым жана анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили эл аралык пикир алышуу тили болуп саналат деп жазылган. Анткени орус тили дүйнөлүк деп таанылган беш тилдин бирине кирет, англис жана немис тилдери сыяктуу эле тил. Анын сунушу - бул «мыркымбайчылык». Ар бир кыргыз жок дегенде эки тил билүүгө милдеттүү. Болбосо үч тил билүү керек, ансыз биз жашай албайбыз.

Экс-премьер-министр Феликс Кулов өз кезегинде Конституцияга ылайык бул сунушту киргизүү үчүн Азимбек Бекназаров 300 миң кол топтошу керек, бул мүмкүн эмес деп ойлойт ал.

- Алар 10 миң кол топтойбуз деп жатышат, - дейт Феликс Шаршенбаевич. - Канткен күндө да бул сунуш парламент аркылуу өтүшү керек. бул узак процесс. Бирок маселе анда эмес. Расмий тилде документти кайталап жаздыруу - бул расмий макамды алып салууга олуттуу негиз эмес. Адам документти мамлекеттик тилде да жаза берсе болот. Эч кандай деле маселе жок. Аны эч ким мажбурлабайт. Мындай маанилүү чечимди кабыл алуу үчүн бул болбогон аргумент. Практикада которуу зарылчылыгы баары бир келип чыгат - анткени биз ЕАЭБ жана БУ киргенбиз, ошондой эле ШКУ турабыз. Ал жердерде орус тили жумушчу тил болуп эсептелет.

Куловдун ою боюнча, Бекназаровдун сунушу колдоо таппайт.

- Аларга 300 миң кол топтоого туура келет, мунун ыктымалдуулугу аз, ошондуктан улутчулдардын бул сунушу бала салып койду, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх