Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жооптуу укук коргоочулар Болот Сүйүмбаевдин карьерасы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек»

Тилекке каршы,мындай көрүнүш бир эле ага тийешелүү эмес

Бүгүнкү күндө УКМКнын төарагасынын мурдагы орун басары болгон Болот Сүйүмбаевди экиномикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматы жасалма документ жасаганга шектүү катары суракка чакырып жатат. Бул анын таржымалындагы бир эле факт эмес.
Анын жан сакчылыктан президенттин кеңешчилигине жана УКМКнын төрагасына орун басарлыкка чейинки басып өткөн мансаптык баскычы көп нерсени айтып турат.

Эгерде унчукпай коюу УКМКга түшүнүктүү болуп жатса, анда прокуратурада да, каржы полициясында да ага суроо беришкен эмес. Генерал-майорлукка чейин ашыкпастан жеткен Болот Сүйүмбаевдин өмүр таржымалын текшерип коюу менен эле көп нерсени билүүгө болот.

УКМКнын экономикалык коопсуздук башкармасынын мурунку начальниги Максат Мамытканов бир гана Болот Сүйүмбаевдин жоопкерчилигин текшербей, аны ушундай жогорку кызматка койгон, президенттин кеңешчилигине жана УКМКнын төрагасына орун басарлыкка койгон адамдарды да текшерүүгө алуу керек.

- Ал мамлекеттик кызматка келген учурда, анын тийешелүү билиминин жоктугуна карабай алышкан, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Биздин укуктук система ал жагдайды карап чыгып, укуктук баа бериши керек.

Активист жана «Өнүгүү фонду» коомдук фондунун төрагасы Адиль Турдукулов коррупциялашкан чиновниктердин жооп беришине макул болот. Бирок ал маселени кеңирирээк кароону сунуш кылат:

- Мурунку ички иштер министри Улан Исраилов жөнөкөй гана ыйгарып укуктуу ыкчам кызматкер болчу, ал эми УКМКнын мурунку төрагасы Абдиль Сегизбаевдин билими айыл чарбасы тууралуу болчу, - деп эске салат Турдукулов. - Менин оюмча, кадр саясатынын берилгендик жана жакындык принциби боюнча жүргүзүлүшү Алмазбек Атамбаевдин эң чоң каталарынын бири болгон.

Коррупциялык дайындоолор күч түзүмдөрүнүн ындынын өчүргөн, деп түшүндүрөт ал: карьерасы бар офицерлер кесипкөйлүктөн эч кандай мотивация көрө алышпай, келечектен үмүтүн үзүп, өлкөнү таштап чыгып кетишти.
- Эми кадр саясатын калыбына келтирүү керек, аны сиңирген эмгегине жана адилеттүүлүккө негиздеш керек, - деп оюн бөлүшөт активист. - Сооронбай Жээнбековдун бул жааттагы консервативдик кадамдары көп нерседен үмүттөндүрөт.

Ал эми башпрокурордун мурдагы орун басары жана улуттук коопсуздук кызматынын мурдаг ыорун басары, эс алуудагы юстициянын генерал- майору Кубатбек Кожоналиев башкача ойдо.

Ал Vesti.kg сайтына азырынча Болот Сүйүмбаев тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныктала эле, кимдир бирөөлөрдү ага кошуп күнөөлөгөнгө эрте деди.

- Бирок бизде мыйзам баарына тегиз иштеши керек, - деп ал баса белгиледи. - Эгерде күнөөсү далилдене турган болсо, ким буга кошулган болсомыйзамдын чегинде жазасын алууга тийиш.

Белгилей кетсек, Болот Сүйүмбаевдин аты 2010-жылдан бери, жөнөкөй жан сакчылыктан бир көз ирмемде Атамбаевдин кеңешчилигине көтөрүлүп кеткендиги эл оозунда айтылып келет.

Бир жыл министрдин кеңешчиси болуп туруп эле, кийинки жылы КР президентинин кеңешчиси болду. Андан соң УКМКнын 9-кызматынын төрагасы болуп элдин оозун ачырды.

2018-жылы ЖМК президенттин мурунку кеңешчисинен шектене баштады, анын жогорку билими тууралуу диплому жасалма экен. Бирок дене тарбия жана спорт Академиясындагылар чындап эле Болот Сүйүмбаев бизде окуган деп тынчтандырып койду.

Ал 1987-жылы окуу жайга өткөн, келечектеги УКМКнын төрагасынын орун басарын ал жерден эки жолу айдап жиберишкен, арадан 25 жыл өткөн соң 2012-жылы Сүйүмбаев диплом алууга жетишти. Ал мезгилде ал КР президентинин аппаратында иштеп калган болчу.

24.kg Болот Сүйүмбаевдин дене тарбия Академиясындагы окуусун калыбаны келтирүү үчүн жазган сочинениесин жарыя кылды. Ал текст 1961-жылкы Балдар энциклопедиясынын «Көркөм адабият» бөлүмүнөн көчүрүп алгандыгын иликтеп чыгышты.

2018-жылы чын курандын он алтысында премьер-министр Сапар Исаков Болот Сүйүмбаевди экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү Мамлекеттик кызматынын башчысы кылып дайындады. 10 өткөндөн кийин аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан бошотту.

2012-жылдан 2018-жылдын чын куранынын жетисине чейин Сүйүмбаев УКМКнын төрагасынын орун басарынын рангасындагы КР УКМКсынын тобокелчиликтерди прогноздоо жана анализ кызматын жетектеген.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх