Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Токторов свитерчен отчёт берген чиновниктен кечирим сурашты ойлогон да жок

Эл өкүлү анын сөзүндө эч кандай деле өзгөчө нерсе жок экендигин, орус тилдүү маалыматкызматкерлери анын сөзүн бурмалап койгондугун бекемдейт

Депутат Алмазбек Токторов вице-спикер Мирлан Бакировдон айырмаланып, чиновниктин алдында кечирим суроого ниети жок. Анткени кечээ ЖК жыйынында туура келбеген кийим кийип келгендиги үчүн аны сынга алган болчу. Бул тууралуу эл өкүлү Vesti.kg сайтына билдирди.

Токторов билим берүү Министрлигинин кесиптик билим берүү бөлүмүнүн каржы-экономикалык жетекчиси Талантбек Тынысовду залдан кууп чыкпагандыгын баса белгиледи.

- Мен эмне кылганым үчүн кечирим сурайм? - деп таң калат эл өкүлү. - Мен аны кууп чыкканым жок. Жогорку Кеңештин жыйынына туура келе турган кийим кийип келиш керек экендигин гана эскерттим. Мунун эмнеси коркунучтуу?

Орус тилдүү басылмалар менин сөзүмдүн маанисин башкага буруп салышыптыр. Мени кыйкырып, ызырынды деп жазышыптыр. Андай болгон эмес. Видеону карап көрсөңөр анан билесиңер чындыгын.

Эске салсак, мурдараак парламенттин вице-спикери Бакиров Тынысовдун жана анын үй бүлөсүнүн алдында кечирим сураган.

Мурда белгилүү болгондой, окуя «Билим берүү тууралуу» мыйзамды кароонун алдында болду. Депутат Алмазбек Токторов билим берүү Министрлигинин өкүлүнөн жактырбаган түр менен эмнеге футболкачан келгендигин сурады. Мирлан Бакиров болсо өз кезегинде ИБМ өкүлү чакырылгандардын тизмесинде жок экендигин жана кете берсе боло тургандыгын айтты.

Эл өкүлдөрүнүн жүрүш турушу социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылык бороонуна кабылды. Кыргызстандын жарандары депутаттарга нааразы болуп, чиновниктен кечирим суроону талап кылышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх