Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биринчи май РИИБ митингчилердин кармалышы тууралуу маалыматты тастыктады

Милиционерлер нааразычылык акциясынын катышуучулары мыйзамсыз кадамдарга өтө башташты деп түшүндүрдү

Кытайга каршы митингдин катышуучуларынын бир нечеси Бишкектин борборунда милиция тарабынан кармалышты. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына Биринчи май РИИБ тастыктады.

- Тынчтык митинги жарыялангандан кийин нааразы болгондордун тобу Чүй проспектисин тосуп алышты. Аларга кандай жаза колдоноору азырынча аныктала элек. Кармалгандардын саны такталып жатат, - деп маалымдады райондук ички иштер башкармалыгы.

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик Кодексине ылайык, «Жолду мыйзамсыз тосуп алуу, башкача айтканда жарандардын эркин жүрүүсүнө чек койгон физикалык жана юридикалык жактарга административдик айып салынат. Физикалык жактарга отуз эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга беш жүз эсептик көрсөткүч менен айып салынат. Ушул эле аракет ошол берененин биринчи бөлүгүндө каралган тосмолордуу куруу аракети үчүн физикалык жакка 50 эсептик көрсөткүч, ал эми юридикалык жактарга 700 эсептик көрсөткүч менен айып салынат».

Толкун Сагынова
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх