Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак үйдүн кашаасына түкүргөн жаран баары бир жоопко тартылат

Биринчи май районунун башчысынын орун басары жакында комиссиянын курамы мындай эреже бузууну кантип жазалоону жакында аныкташат дейт

Ак үйдүн кашаасына түкүргөн жаран баары бир жазадан качып кутулбайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков билдирди.

Мурда Бишкек мэриясы азырынча эч кандай чара колдоно албайбыз, анткени жазага тартуунун механизми иштелип чыга элек деп билдирген эле.

- Жакынкы убактарда комиссиянын курамы карап чыгып аныктайт, - деп түшүндүрдү Аскарбеков. - Жыйында бул маселе каралып, бул жаранга карата чара көрүшөт.

Эске салсак, Рамис аттуу жаран элдин көзүнчө Ак үйгө түкүрүп аты чыкты. А мунусун видеого тартып алган. Ал жарыя кылынган видеодо айып пул төлөөгө даяр экендигин айткан.

Бирок аны кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук администрациясына алып келишкенде, айыптуу акчасы жоктугуна байланыштуу 5 миң 500 сомду төлөй албастыгын билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх