Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Албек Ибраимовго Кылмыш кылганга шектүү деген билдирүүнү тапшырышты

Кеп «Күнөстүү жээк» деген пансионаттын акцияларынын арзан баада сатылышы тууралуу болуп жатат

УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан «Дастан» ААК акцияларынын пакетин 100% жана «Күнөстүү жээк» пансионатынын акцияларын арзан баада сатуу фактысы боюнча иликтенген кылмыш ишинин алкагында Кылмыш жана Кылмышөжаза кодексине ылайык, 2019-жылы үчтүн айынын он жетисинде Албек Ибраимовго кылмыш кылгандыгы тууралуу билдирүү тапшырылды. КР КК ал 43 бер. 2б. жана 205 бер. 3б. 1,2 пункттарында каралган кылмышка ылайык айыпталды.

Президенттин Аппаратынын башчысынын орун басары Албек Ибраимовдун жана «Дастан» ААК башкаруу төарагасы Ю.В. жетекчилиги жана көрсөтмөсү астында «Күнөстүү жээк» ААК пансионатынын 100% акциялары арзан баада сатылгандыгы аныкталган. Натыйжада мамлекеттин 98% үлүшү болгон «Дастан» ААК келтирилген зыян 82 750 556 сом болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө «Күнөстүү жээк» ААК пансионатынын 100% акциясынын азыркы ээси М.Б. келитирилген зыянды, 82 750 556 сомду толугу менен ордун толтурду.

УКМК маалымат борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх