Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгерде эски мыйзамдарды аткарышпаса, жаңы мыйзамдар мигранттардын акыбалын өзгөртө албайт»

Эксперт Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын демилгесин зарыл деп эсептебейт

Кыргызстандагы мыйзамсыз миграция тууралуу кеп кыла турган болсок, анда жаңы мыйзамдар бул түзүлгөн кырдаалга жардам бере албайт. Адегенде мурун кабыл алынган эскилерди иштетип алыш керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына БШК экс-депутаты, миграция жаатында эксперт Станислав Епифанцев бөлүштү.

Кыргызстанда мыйзамдын деңгээлинде мыйзамсыз миграцияны көзөмөлдөө механизми жазылган, - деп эскертти ал. - Эгерде ошол чаралар аткарылбаса, анда жаңы демилгенин эмне кереги бар. Азыркы бар нормаларды ишке ашырууга аракет кылуу керек, жашоо бир ордунда тура бербейт, ошондуктан мыйзамды өзгөртүп туруу да керек. Айтайын дегеним мыйзамды жазып койсо эле аткарыла бербейт да өзүнөн өзү эле, андан кырдаал да өзгөрүп кетпейт.

Эске салсак, кечээ Бишкекте кытайга каршы митинг болуп өттү. Нааразы болгондорго КР Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов чыгып, мекеме мыйзамга түзөтүү киргизүүнү иштеп чыккандыгын, чет элдик жумушчу күчтөрүнүн агымын азайтуу менен улуттук эмгек рыногун өз жарандарыбызга бошото тургандыгын билдирди.

Азыркы мыйзамга иштелип чыгып калган нормаларды киргизүү каралып жатат. Анда чет элдик жумушчулардын бир жылга иштөөгө уруксат алгандарынын санын20 пайызга чейин азайтуу белгиленген. Ошондой эле чет элдик жарандарга жумуш бере тургандардын төлөмүнүн суммасы да жогорулайт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх