Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Свитерчен бухгалтер: Эч кайсы депутат мага келип кечирим сураган жок

Талантбек Тынысов ага жумушунда кийими тууралуу эскертүү беришпегендигин белгиледи

Жогорку кеңештин жыйындар залынан билим берүү Министрлигинин өкүлүн кийими үчүн кууп чыгышкан Жогорку Кеңештин депутаттары андан кечирим сурашкан жок. Бул туурасында Vesti.kg сайтына билим берүү Министрлигинин кесиптик билим берүү Агенттигинин каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Талантбек Тынысов айтып берди.

- Менден эч ким кечирим сураган жок, - деди Тынысов. - Алардын сөзү албетте мени ардантты. Мен аларга Жогорку Кеңешке бараарымды билген эмесмин деп айтпадымбы.

Бул окуянын фактысы боюнча кесиптик билим берүү Агенттигинин жетекчилиги ага эскертүү кылышпагандыгын кошумчалады.

Кечээ Тынысов ЖМКна анын бир айлык акысы 16 миң сом экендигин айткан.

Бүгүнкү күндө социалдык тармактын колдонуучулары Жогорку Кеңештин депутаттарын Тынысовдон кечирим суроосун талап кылып жатышат.

Парламенттин маалымат кызматы мурда вице-спикер Мирлан Бакировдун коомчулуктун алдында кечирим сураган видеосун жарыя кылган эле.
Өз кезегинде депутат Алмаз Токторов мурда Vesti.kg сайтына кечирим сурабайм деп билдирген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх