Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Илим Карыпбеков: Мен экинчи мөөнөткө арызымды берээр бербесимди али чече элекмин

УТРКнын башкы директору мыйзам боюнча ал кайра дагы кызматта кала берсе болоорун билдирди

КТРК башкы директорлугуна конкурс жарыяланды. Мындай кабар кечээ телерадиокорациянын сайтында жарык көргөн.

Vesti.kg сайты Илим Карыпбековдун экинчи мөөнөткө калып, өз ишин улантышына кызыгып сураган.

Илим Майрамбекович анын ыйгарым укугу ушул жылы жалган курандын он тогузунда бүтөөрүн эскертти.

- Мыйзам боюнча экинчи мөөнөткө калууга укугум бар, - деп баса белгиледи ал Vesti.kg сайтына. - Бирок конкурска катышуу тууралуу азырынча ойлоно элекмин. Мен үчүн азыр мөөнөтүмдүн акырына чейин татыктуу иштеп чыгуу маанилүүрөөк болуп турат.

КТРКнын башкы директорлугуна конкурс жарыялоо тууралуу көрсөтүлгөн, анда талапкер жогорку билимдүү,мамлекеттик тилди жакшы билген, башкаруучулук кызматтарда 5 жылдан кем эмес иштеген, телевидение менен радионун ишинин принциптерин жана КТРКнын өзгөчөлүктөрүн түшүнгөн киши болушу керек.

Ошону менен бирге талапкер коомдук саясий жана диний ишканаларда иштебеши керек.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх