Ирина Карамушкина: Мүйүзү жок токол саламаттык сактоо Министрлиги «шарлатан» Зайналиев менен күрөшө албайт
Депутаттын сөзү боюнча, табыптын лицензиясы бар деп, президентти алдап коюшкан
Саламаттык сактоо Министрлигин жалган онколог Хашим Зайналиевге карата козгодлгон кылмыш ишинин токтотулуу фактысына байланыштуу алсыздыгына күнөөлөп жатышат. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина билдиргендей, «табыптын» лицензиясы бар деп билдиришип, мамлекет башчыны алдап коюшкан.
- Биздин саламаттык сактоо Министрлигинин мүйүзү жок токол, ал шарлатан Хашим Зайналиев менен күрөшүүгө да мүмкүнчүлүгү жок, - деп Карамушкина нааразы болот. - Эгерде күчтүү, чечкиндүү министр болгондо, азыр кырдаал башкача болмок. Табыптын лицензиясы бар экен деп президентти алдап коюшту. Анын лицензиясы жок. Ал үчүн профессорлор. журналисттер суранышты. Мен ошол суранган илимдин кандидаттары үчүн уялам.
Эл өкүлү Зайналиевдин лицензиясынын жоктугу тууралуу маселе 2016-жылы эле көтөрүлгөндүгүн эске салды. Ошого карабастан Зайналиев ишмердүүлүгүн уланта берген.
- Көптөгөн дарыгерлер анын койгон диагноздору сандырак экендигин бир канча жолу билдиришкен болчу, - деп белгиледи Карамушкина. - Коомчулукка канча жолу далилдегенге аракет кылышты, анын дарылаганга укугу жок! Ага келген оорулуулардын экөө өлдү.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www