Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорт министри боло турган кишиге коррупционер менен чайлашкандыгын эсине салышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанат Бейшеновго жаңы кызматы аны темир тор артына алып барып коёрун эскертишти

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанат Бейшеновдун Кыргызстандын жол жана транспорт министри кызматына талапкерлигин карап жатышат.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттарга Бейшеновдун үч тилде эркин сүйлөөрүн жана бай тажрыйбасы бар экендигин айтты.

- 1975-жылы Фрунзеде туулган, - деди ал. - Жогорку билими бар. 1999-жылы президенттин аппаратында иштеген, премьер-министрдин кеңешчиси кызматында иштеген. Андан сырткары Бейшенов Ж. Баласагын атындагы КУУ мугалим болгон. Учурда Евразия комиссиясында транспорт бөлүмүн жетектейт. Жоопкерчиликти сезген кызматкер. Кыргыз, орус жана чех тилдеринде эркин сүйлөй алат.  

Талапкерди кароо убагында депутат Камчыбек Жолдошбаев Бейшеновдон жол жана транспортМинистрлигиндеги коррупционерлер менен кандай мамиледе экендигин сурады.

- Мен жаңы министрге кайрылайын дедим эле, - деп сөзүн баштады депутат. - Сиздин коррупционерлердин партиясы менен мамилеңиз кандай?

Жанат Саматович өз кезегинде депутатка азыр транспорт Министрлигинде иштебей тургандыгын айтты.

- Мен 2005-2007 жылдары транспорт Министрлигинде коммуникация тармагында иштедим, - деди ал. - 2007-жылы бул тармактагы бир иш чарага каршы чыгып, арызымды жазып, бошоп кеткем. Коррупционерлер менен мамилем жок.

Талапкердин жообу депутатты канааттандырган жок.

- Кандай мамилеңиз жок болуп калат, чайлашып жүрбөйсүзбү, - деп сөзүн бүтүрдү Жолдошбаев.

Дагы бир депутат Рыскелди Момбеков болсо Бейшеновго кайрылып, мен сизди транспорт Министрлигиндеги коррупционерлерге кошулбай, кайра алдарды тазалайт деп үмүт кылам деп билдирди.

- Мен сиз бара жаткан кызматты душманыма да ыраа көрбөс элем, - деди Момбеков. - Сиз бараткан мекеме эң коррупциялашкан жер - ал жерден үч гана нерсе алууга болот: пара, түрмөгө чакыруу кат жана иүрмөгө жолдомо. Коррупция жок болунун ордуна карйра өсүп жатат. Сиз кызматка келип, миналарды тебелейсиз эми. Мен сизди коррупцияга каршы күрөшө алат деп ишенем.

Эл өкүлү Максат Сабировду жол жана тарнспорт министри боло турган талапкердин ал мекемеде иштебегендиги, көйгөйдү ичинен билбей тургандыгы нааразы кылды.

- Сиз эмне үчүн ал жерде ишьебеген кишини коюп жатасыз? - деп кайрылды ал премьер-министрге. - Кантип эле мекеменин өзүндө адистер жок болсун?

Боронов бул арга кеткендеги көрүлгөн чара деп жооп берди.

- Ал кесиби боюнча жолчу, беш жыл окуган. Качандыр бир убакта иштеп башташы керек да. - деп билдирди ал.

Депутат Бейшенов башка кызматтан башташы керек деп белгиледи.

- Сөзсүз эле министр болушу керекпи? - деп нааразы бодлу Сабиров. - Бөлүм башчы кылып дайындагыла.

Вице-премьер тарнспорт Министрилигинен жетекчи коюуга болбойт, анткени ал жердегилер уюмдашып алышкан деп белгиледи.

- Ошондуктан сырттан коюп жатабыз, - деди Боронов.

Жанат бейшеновдун талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөттү.  

Эске салсак, мурунку жол жана тарнспорт министри Жамшитбек Калилов президент Сооронбай Жээнбековдун эскертүүсүнөн кийин жумуштан кетти. Анткени анын орун басары ири өлчөмдө пара менен кармалгандан кийин ал кызматты ээлеп отурганга моралдык укугу жок болчу.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх