КУУнун мурдагы мугалимин КР жол жана транспорт министри кызматына дайындашты
Депутаттар Жанат Бейшеновду бир ооздон колдоп беришти
Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жол жана транспорт министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин колдоп беришти.
Жыйынга катышкан 94 депутат «макул» деп добуш берди.
Эске салсак, парламенттин жыйынында талапкер тууралуу маалымат менен вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды.
Бейшеновдун талапкерлиги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан көрсөтүлгөн.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз