Атамбаевдин күйөө баласы КР футбол Федерациясынын башчылыгынан кеткен жок
Семетей Султановду ээлеген кызматынан кетирүү меселесин бирдин айынын башында карашат
Семетей Султанов дагы эле Кыргызстандын футбол Федерациясын башкарып жатат. Бул тууралуу КРФФ өзүндөгүлөр Vesti.kg сайтына билдиришти.
- Султанов бул кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганы менен расмий түрдө кызматтан кете элек, - деп түшүндүрдү федерациядагылар. - Бирдин айынын башында ушул маселени чече турган жыйын болот. КРФФ президенттигине талапкерди менимче жыйын өткөндөн кийин карашат.
Эске салсак, Семетей Султанов үчтүн айынын онунда КР футбол Федерациясынын башчылыгынан кетип жаткандыгын билдирген арыз жазган. Бирок, ал футболго байланышкан иштерде иштей берээрин айткан эле.
Семетей Султанов Кыргызстанды мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы.
Вероника Малышева
Сүрөт www