Бекешев кесиптешине интернеттеги эмес, расмий органдын маалыматына таянууга кеңеш берди
Депутат алар сунуш кылган мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамга түзөтүү киргизүүлөр жакшы эле саамалык, бирок биздин айрым кесиптештер дайыма жаңы нерсеге каршы чыкканды адат кылып алышкан деп белгиледи
Кыргызстан үчүн дары дармектерди БУУ түзүмү аркылуу сатып алган азыркыга караганда ачык айкыныраак болушу мүмкүн эле. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүү демилгечилеринин бири депутат Дастан Бекешев айтып берди.
- Менин кесиптешим Аида Исмаилова интернеттеги эмес, рамий маалыматтарга жетекчилик кылса дурус болмок, - деп белгиледи ал. - Ушуга окшогон мыйзамды Украинада кабыл алышканда чындап эле андагылардын пикирлери эки ача болгон. Бирок бул ал жактагы фармбарондордун көптүгүнөн болгон, алар өз кирешелеринен айрылгылары келишкен эмес. Бирок Украинанын Эсептөө палатасынын расмий маалыматында ООН аркылуу дары сатып алуунун аркасында 40 пайызга үнөмдөлгөн. Мен көбүнчө расмий органдардын маалыматтарына ишенем.
Дастан Далабайевич кесиптештери анын мыйзам долбоорун өкмөттүн корутундусу болбогондугу үчүн эле сындашкандыгын кошумчалады.
- Бирок мен аларга министрлер кабинетинин жыйынтыгы эгерде республикага алып келген чыгым көбөйсө гана берилээрин, салык көбөйүп, же өкмөттүн кандайдыр бир милдеттенмелери алмашса гана болоорун айттым, - дейт ал. - Бул жерде эч кандай милдеттер жок да. Түзөтүү долбоорунун экономикалык негиздемесин кылуу мүмкүн эмес. Анткени дарыга коюлган баа дайыма өзгөрүп турат. Ал бааларды болжолдоого да мүмкүн эмес. Казакстанда, мисалы, эл аралык уюм аркылуу алынып келинген гепатиттин препараты каражаптты үнөмдөөгө алып келген. Ушундай жол менен дүйнөнүн 85 өлкөсү дары сатып алат.
Депутат ал өлкөлөр медициналык каражаттарды БУУ түзүмү аркылуу бул уюмдун кадыры жакшы болгондугу үчүн сатып алышат дейт.
- Алар биздин 200 миң долларыбыз үчүн колун булгабайт, бизге азыраак гана көлөмдөгү дары керек, - дейт Бекешев. - Андан сырткары, алар кирешеге салык салбайт жана бардык сатып алуулар ортомчусуз өтөт. БУУ дарыларды дүң баа менен сатып алат. ошондуктан баасы арзан болот. Бирок Аида Исмаилова аны таза эмес уюм деп шекшип жатат. Бирок БУУ расмий сайтынан дары дармектердин баасын, ташуусун жана башкалардын баасын көрүүгө болот. ЮНИСЕФ тарабынан мөөнөтү өткөн дары дармектерди алып келүү эч качан болгон эмес.
Дастан Бекешев кесиптештери эмне үчүн анын мыйзам долбоорун четке кагып коюшканына таң калат.
- Мен алтургай аларга чет мамлекетке барып, кантип иштегендерин көрүп келүүлөрүн сунуштадым, бирок алар баш тартышты, - дейт ал. - Мен сунуш кылган нормалар өнүгүүгө багытталган, ал эми ар бир жаңы нерсе каршылыктарга туш болот.
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты депутат Аида Исмаилованын БУУ аркылуу дары сатып алуунун да өз мүчүлүштүктөрү бар деген сөзүн берген эле.
Вероника Малышева
Сүрөт www