Өмүрбек Текебаев абакта дагы бир жылды өткөрүшү мүмкүн
ЖАМК көчүрмө колонияга которуу күнү тергөө абагында жана түзөтүү колониясында өткөргөн күндөрдү эсептөө менен дайындалгандыгын билдирди
№47 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев, 2020-жылы бирдин айында көчүрмө колонияга которулушу мүмкүн. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖАМК маалымат кызматы билдирди.
Саясатчынын которула турган күнү анын тергөө абагында отуган күндөрүн эске алуу менен дайындалгандыгы белгиленди.
- Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтүн жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык соттун чечими менен атайын бөлүм эсептеп чыкты, - деп түшүндүрдү жазаларды аткаруу Мамлекеттик кызматындагылар.
Ал ортодо экс-депутаттын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Vesti.kg сайтына учурда алар өз эсептерин жүргүзүп жатышкандарын билдирди.
- ЖАМК маалыматы тууралуу мен азыр комментарий бере албайм, бул тууралуу өзүбүз деле мурунку жума уктук, - деди ал. - Азыр биз юриспруденциянын көз карашы менен эсептеп бул маселе тууралуу туура жооп бергени жатабыз.
Эске салсак, «Ата Мекен» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Текебаев «Коррупция» беренеси менен соттолгон.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www