Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Күбөлүктү көрсөт дейсиңби? Көрүп болупсуң!». Маичи өзүнүн оройлугу менен таң калтырды (видео)

Инспектор айдоочунун колунан телефонун жулуп алганга аракет жасады. Бишкектин ЖКККБ боюнча ИИМБ кызматтык иликтөө жүргүзөт

Бишкекте маичи аны видеого тартып жаткан айдоочунун телефонун орой түрдө тартып алууга аракет жасаган. Жаңжалдын тасмасы кечээ Тармакта жарандык активист Болот Ибрагимов тарабынан жарыяланды.

Тасмада айдоочу борбордук ЖКККБ кызматкеринен анын кызматтык күбөлүгүн ачып көрсөтүүсүн талап кылып жаткандыгын көрүүгө болот.

Андын сырткары, автоунаанын ээси инспектордун көкүрөгүндө камеранын жоктугун айтып көрсөткөн.

Милиционер болсо өз кезегинде камеранын бар экендигин, бирок ал азыр "башка жакта" тургандыгын айтты.

Окуяны ички иштер Министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздөө Башкармалыгынын маалымат кызматындагылар айтып беришти.

- Бул факт Бишкек ИИМБ ЖКККБ боюнча жетекчилигине жеткирилди, кызматтык иликтөө кылынат, - деп билдиришти мекемедегилер Vesti.kg сайтына.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх