Бишкектин бир кафесинин текчесинде чуркап жүргөн келемишти видеого тартып алышты (видео)
Мамсанэпидкөзөмөл ал ишкананы текшерүүгө алабыз деп убада берди
Бишкектин бир кафесине тамактанганы кирген адамдар келемишти көрүп калышкан. Видео фейсбук социалдык тармагында жарыя кылынды. Видеону фейсбук колдонуучу «Алина Ким» жарыя кылды.
Тасмадан айнек витринада келемиштин табактагы соустарга бутун малып чуркап бараткандыгын көрүүгө болот.
Тасманын авторунун маалыматы боюнча бул кафе «Аликебаб» деп аталат жана «Vefa» соода борборунун оро парасында жайланышкан.
Оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл Борборунун башкы врачы Рыспек Сыдыгалиев Vesti.kg сайтына бул коомдук тамактануучу жай текшерүүгө алынаарын айтты.
- Көрсөтмө бүгүн эртең менен келип түштү, сөзсүз түрдө текшеребиз ал жерди, - деди ал.
Эске салсак, ушундай эле окуя бир жыл мурун Ош базарында жайланышкан «Мир сладостей» деген таттуу саткан дүкөндө болгон эле. Ал жерде күбө болгондор келемиштин таттуулардын үстүндө чуркап жүргөнүн видеого тартып алышкан.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www