Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри: Муниципалитет «Газпромго» акча карыз эмес

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына аудит кылышат, анткени ал жердеги миллиондогон карыздардын чоо жайын билүү керек

Бишкек мериясы «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынынэсебине карызы жок, анткени муниципалитет иштелип чыккан жылуулукка субсидия бөлүп берип жатат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ордо калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди.

- Бишкек мэриясы менен «Газпром Кыргызстандын» бири бирине тийешеси жок, бул үчүн бизде «Бишкекжылуулукэнерго» бар, - деп түшүндүрдү ал.

- Бул ишкана калкты, бюджеттик ишканаларды жана коммерциялык түзүмдөрдү жылуулук менен камсыз кылат. Борбор калаанын бюджети бул ишкананы калкты жылуулук менен камсыз кылгандыгы үчүн субсидия бөлөт. «Бишкекжылуулукэнерго» өзүнүн белгилүү эсеп китебин алып келиши керек, ошондон кийин гана биз субсидиянын көлөмүн аныктайбыз.

Алмаз Кубекович жыл сайын күрөөгө коюлаарын белгиледи.
- Былтыр бул сумма 379 миллион сомду түзгөн, - деп тактады ал. - Бул акчалар 1005 бөлүнүп берилген. Ал эми коммуналдык ишкананын кокустан эле билдиргендери, газга карызы бар дегени туура эмес. Алардын эсептери так болбой калган, туура эмес менеджменттин айынан жана башка бегендей. Ошондуктан бүгүнкү күндө «Бишкекжылуулукэнерго» аудит кылат жана эмне үчүн ишкана мынчалык көп карызды төлөбөгөндүгүнүн себебин аныктайт. Бул карыз мэрияныкы эме, коммуналдык ишкананыкы.

Биринчи вице-мэр «Бишкекжылуулукэнергонун» кызматкерлери аудит болорун укканда жандарын коёорго жер таппай калгандыгын кошумчалады.

- Бирок бул текшерүүнүн болушу абдан зарыл нерсе, - деп баса белгилдеди Бакетаев. - Бул ишканада бир да жолу аудит болгон эмес. Өз кезегинде мэрия ишканага 70 миллион сом ошол жылдын бюджетинен бөлүп берген. Бирок баары бир эле ал акча газга да эмес, жылуулукка да эмес, иштеп чыгарууга деп коюшкан. Бирок биз алтургай канча жылуулук алардан алаарыбызды да билбейбиз.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты Бишкек мэриясы жаратылыш газы үчүн карызды «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканага өз убагында төлөбөгөндүгүн жазып чыккан эле. Натыйжада 1,5 миллион сом пения өсүп кеткен.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх