«Кыргыз Республикасынын Миграция кызматынын бюджети да, ыйгарым укугу да жок»
Кыргызстанда бул мекеменин макамын жогорулатууну сунуштап жатышат
Кыргызстандын Мигарция кызматы макамын министрликтин деңгээлинчелик кылып жогорулатууну талап кылат. Анткени бүгүнкү күндө бул мекеменин ыйгарым укугу да , бюджети да жок. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына «Замандаш» партиясынын төрагасы жана миграция маселеси боюнча эксперт Жеңиш Молдокматов бөлүштү.
- Миграция кызматынын бюджети - жылына 59 миллион сом, ошол эле учурда билим берүү Министрлигинин командировкалык чыгымдары 44 миллион сомду түзөт, - деп белгиледи ал. - Миграция кызматынын бюджетинин аздыгына байланыштуу алардын штатында 44 гана кызматкер эмгектенет. Анын тогузу Орусия иштейт, 20 жакыны өлкөнүн булуң бурчуна чачылган чачылган.
Молдокматов мындай сандагы кызматкерлер эч кайсы мигранттын көйгөйүн чечип кыйратпайт дейт.
- Орусияда расмий маалыматтар боюнча, 600 миң биздин мекендештерибиз жүрөт, - деп эскертти. - Ооба, алардын баарына 9 адам жардам берип жетише албайт. Күнүнө ар бир облустан 300 адам чет өлкөгө чыгып кетип жатат. Бизде бир гана миграциялык эмес, иммиграциялык да агым бар экендигин эсибизге алышыбыз керек. Аны да көзөмөлгө алуу керек. Миграция кызматынын көйгөү бир гана каржылык маселеде жана кадрлардын жетишсиздигинде эмес, алардын ыйгарым укуктарында да көйгөй бар. Аларда иш жүзүндө ыйгарым укук деген жок. Бул мекеме жөнөкөй эле казакстандык жана орусиялык кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албайт. Болбогон маселелер деле өкмөт же ТИМ аркылуу чечилет. Бул көйгөйдү колдон келишинче батыраак чечпесе болбойт.
Түшүндүрө кетели, Евгения Строкова Миграция кызматынын деңгээлин жок дегенде мамлекеттик агенттиктин деңгээлине алып чыгуу керек деп сунуш кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин тийешелүү комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат бул кызматтын кызматкерлери аймактарда аябай эле жетишсиз экендигин белгиледи, анткени менен кыргыз жарандарынын сыртка чыгып кетүүлөрү күчөгөндөн күчөп жатат.
Вероника Малышева
Сүрөт www